Компания жөнүндө «А Плюс»

  • Камсыздандыруу компаниясы өзүнүн ишин 2006-жылдын 20-сентябрында «FCB INSURANCE» ЖАК катары баштаган

  • 2012-жылдын 20-августунда «FCB INSURANCE» ЖАК «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы» ЖАК деп аты өзгөртүлгөн;

  • «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы 34 ыктыярдуу, 4 милдеттүү камсыздандыруу түрлөрүн өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензиясына жана кайра камсыздандыруу боюнча 5 лицензияга ээ;

  • «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанк» ААК Акционери болуп саналат;

  • Азыркы убакта «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы» ЖАКга «Росстрах- Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы» ЖАКты кошуу аркылуу аны кайра уюштуруу жүрүүдө;

  • Кайра уюштуруунун максаты – ири уставдык капиталы менен Кыргызстанда мыкты Камсыздандыруу компаниясын түзүү;

  • Компаниянын уставдык капиталы – 580 000 000 сомов, бул «А Плюс» камсыздандыруу компаниясын Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногундагы ири уставдык капиталы бар компаниялардын бири кылат;

  • «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы Кыргыз Камсыздандыруучулар Ассоциациясынын мүчөсү, КР Эл аралык Автомобилдик Ташуучулар Ассоциациясынын (“КР ЭАТА”) өнөктөшү болуп саналат, «А Плюс» МДП (TIR Carnet) китепчесин колдонуу менен, Жүктөрдү эл аралык ташуулар келишими жөнүндө конвенциянын (ЖТКК / CMR) шарттарында ташууларды жүзөгө ашырган ташуучулардын/экспедиторлордун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууну берген жалгыз ыйгарым укуктуу камсыздандыруучу, КР Соода-Өнөр жай Палатасынын мүчөсү, ЖИА Бизнес Ассоциациясынын жана “Хорека” клубунун мүчөсү болуп саналат.

  • Компаниянын бардык милдеттенмелери камсыздандыруу рынокторунда жогорку рейтингге ээ болгон КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыңкы кайра камсыздандыруу компаниялары тарабынан ишенимдүү корголгон:


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами