24 января 2018 года на горнолыжной базе «Орловка» впервые статртовали Международные соревнования по горным лыжам (FIS).

2018-жылдын 24-январында «Орловка» тоо-лыжа базасында биринчи жолу Тоо лыжасы боюнча эл аралык мелдеш (FIS) башталды. “Слалом” дисциплинасында жеңиш үчүн 30дан ашык Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын спортчулары күрөштү. Алардын арасында эки 2018-жылдагы Олимпиада оюндарына лицензиянын ээси – Өзбекстандын Комилжон Тухтаев жана биздин жердешибиз Евгений Тимофеев болду. Жыйынтыктардын суммасы боюнча бул дисциплина боюнча чемпион Комилжон Тухтаев болуп калды. Евгений Тимофеев экинчи орунду алды. Үчүнчү орунду дагы бир белгилүү спортчу Дмитрий Трелевский (Олимпиада оюндары-2010 катышуучусу) ээледи. “Бул турнир рейтингдик мелдеш. Ийгилик көрсөтүү катышуучуларга эл аралык таблицадагы өзүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн берет”, - деп белгиледи КР Лыжа сопрту федерациясынын президенти Игорь Борисов. «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы бул мелдеште демөөрчүлөрдүн бири жана камсыздандыруучу болду.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами