Жоопкерчиликти камсыздандыруу перевозчиков опасных грузов


Кооптуу жүктөрдү ташууда жеке жана юридикалык жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө, ошондой эле курчап турган чөйрөгө зыян келтирүү үчүн Сиздин жоопкерчилик – “А Плюс” камсыздандыруу компаниясынын коргоосунда

Биздин артыкчылыктар


team
Квалификациялуу адистер
team
Компаниянын кынтыксыз бедели
team
12 жылдык тажрыйба
team
Кепилденген төгүмдөр

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Программанын максаты:


Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты болуп кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жөнөтүүчүдөн кабыл алуучуга жеткирүү процессинде алар менен инцидент болгондо камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү аркылуу үчүнчү жактын өмүрүн, ден соолугун, материалдык байлыгын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу эсептелет.

Камсыздандыруунун шарттары:


- Камсыздандырылуучу – камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак

- Камсыздандыруу мөөнөтү – 12 ай (жумуш берүүчү ишти он эки айдан аз мөөнөттө жүзөгө ашырганда келишим бул ишти жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө түзүлөт)

Камсыздандыруу суммасы:


1. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң төмөнкү өлчөмү жана камсыздандыруу сый акысынын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана аныкталат..

2. Конкреттүү жүк үчүн камсыздандыруу тарифинин өлчөмү кооптуу жүктүн классификациясына, ташуулардын көлөмүнө, аны ташыган транспорттун түрүнө жана потенциалдуу зыяндын өлчөмүнө жана анын келтирилишинин ыктымалдуулугуна таасир этүүчү башка факторлорго жараша аныкталат.

Билүү маанилүү:

    Кооптуу жүктөр төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
  • 1-класс - жарылгыч заттар;
  • 2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газдар;
  • 3-класс - жеңил күйүүчү суюктуктар;
  • 4-класс - жеңил күйүүчү заттар жана металлдар;
  • 5-класс - кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкылдыктар;
  • 6-класс - ууландыруучу (токсикалык) заттар;
  • 7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар;
  • 8-класс - оюп-жеп кетүүчү жана коррозиялык заттар
  • 9-класс - башка кооптуу заттар.

2. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп ташуучунун адам өмүрүнө, ден-соолугуна, материалдык баалуулуктарга жана (же) айлана-чөйрөгө келген зыянды төлөп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдеттүүлүгүнө байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

3. Ташуучунун жарандык жоопкерчилиги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган транспорт каражатынын ар бир бирдиги боюнча камсыздандырууга жатат.

3.1. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн ташуучунун кооптуу жүктөрдү ташуусуна тыюу салынат.

4. Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган ташуучу Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

5. Кооптуу жүктөр ташылган транспорт каражатын башкарган (айдаган) адам кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (ырасталган көчүрмөсүн) алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө ыйгарым укугу бар адамдарга көрсөтүүгө милдеттүү.

6. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң төмөнкү өлчөмү жана камсыздандыруу сый акысынын тарифтери КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана аныкталат.

7. Конкреттүү жүк үчүн камсыздандыруу тарифинин өлчөмү кооптуу жүктүн классификациясына, ташуулардын көлөмүнө, аны ташыган транспорттун түрүнө жана потенциалдуу зыяндын өлчөмүнө жана анын келтирилишинин ыктымалдуулугуна таасир этүүчү башка факторлорго жараша аныкталат.

Камсыздандыруунун шарттары



Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами