Кооптуу объекттердин ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу


Кооптуу объекттерди пайдаланган өнөр жай, тоо-кен казуу жана ресурс менен жабдуучу ишканалар дайыма олуттуу кесепеттери жана финансылык жоготуулар менен авариялардын пайда болуу тобокелдигине кабылышат.

Биздин артыкчылыктар


team
Квалификациялуу адистер
team
Компаниянын кынтыксыз бедели
team
12 жылдык тажрыйба
team
Кепилденген төгүмдөр

Кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Камсыздандыруунун шарттары:


Выгодоприобретатель – третьи лица (физические лица, жизни, здоровью и имуществу, которых был причинен ущерб, а также юридические лица и государство, имуществу которых причинен вред)

Камсыздандырылуучу – камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак.

Камсыздандыруу мөөнөтү – 12 ай (жумуш берүүчү ишти он эки айдан аз мөөнөттө жүзөгө ашырганда келишим бул ишти жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө түзүлөт)

Камсыздандыруу суммасы – Камсыздандырылуучунун жана Камсыздандыруучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат

Билүү керек:

2008-жылдын 15-августунда кабыл алынган “Кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” КР Мыйзамы

1. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп, кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдеттерине байланышкан кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын мүлктүк кызыкчылыгы болуп эсептелет.

2. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу жагдайы болгон, кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген залалдын кайтарымы боюнча камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилигинин пайда болуу фактысы таанылат.

3. Камсыздандыруу төлөмдөрү, милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленгендей камсыздандыруу суммасынын чегинде төлөнөт.

4. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрү тиешелүү документтерди алган күндөн отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

5. Кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызды канааттандыруу, камсыздандыруучу тарабынан же соттун чечими менен камсыздандыруу жагдайы болду деп таанылса белгиленген тартипте каралат, бир эле мезгилде бир нече арыз түшсө, анда төмөндөгүдөй кезекте каралат

1) биринчи кезекте, жеке жактын өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыянды кайтаруу жөнүндө арыз канааттандырылат
2) экинчи кезекте, жеке жактын мүлкүнө келтирилген зыян кайтарылып берилет
3) үчүнчү кезекте, юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыян кайтарылып берилет
4) төртүнчү кезекте, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыян кайтарылып берилет

Безопасность опасных объектов



Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами