Страховая компания «А Плюс» подвела итоги деятельности за 2017 год.

«А Плюс» камсыздандыруу компаниясы 2017-жылдагы иштин жыйынтыгын чыгарды. «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы 2017-жылдагы иштин жыйынтыгын чыгарды. 2017-жылы Компаниянын 2006-жылдан берки тарыхындагы эң жогорку экономикалык көрсөткүчтөргө жетишилди. Өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча 69,4 млн. сом жалпы суммасында камсыздандыруу сыйлыгы топтолду, бул 2016-жылдагы көрсөткүчтөн 5 эсе жогору болду. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү 5,3 млн. сомду түздү. «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы өзүнүн камсыздандыруу портфелинин көлөмүн көбөйтүп жана анын өсүү темпинин жогорку динамикасын сактап, бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча жогорку өсүү темптерин көрсөттү. Бул жыйынтыктар «А Плюс» камсыздандыруу компаниясынын улуттук рыноктогу абалын кыйла жакшыртты. Алсак, 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча, Компания камсыздандыруу сыйлыктарын топтоо боюнча 4-орунду ээледи жана мындай жол менен КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалыматтары боюнча топ-5 ири кыргыз камсыздандыруу компанияларынын бири болду.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами