1. Эгер полис франшиза менен болсо, чыгашалардын орду кантип толтурулат?

Франшиза – Камсыздандыруучу ордун толтуруудан бошотула турган чыгашанын суммасынын бөлүгү. Ал шартсыз жана шарттуу болот.
Шарттуу франшизада:
— эгер зыяндын өлчөмү келишим менен белгиленген франшиза өлчөмүнөн ашпаса, анда камсыздандыруу ордун толтуруу төлөнбөйт;
—эгер зыяндын өлчөмү ашса – ордун толтуруу толук көлөмдө төлөнүп берилет;
Шартсыз франшизада бардык учурларда камсыздандыруу ордун толтуруунун өлчөмүнөн келишим менен белгиленген франшиза өлчөмү эсептен чыгарылат

2. Камсыздандыруу полиси кайсы аймакта колдонулат?

Эгер камсыздандыруу келишими менен башкача каралбаса, камсыздандыруу аймагы Кыргыз Республикасынын аймагы болуп саналат.

3. КАСКО деген эмне?

КАСКО – бул транспорт каражатын камсыздандыруунун ыктыярдуу түрү, мында машина ар кандай бузулуулардан камсыздандырылат.

4. Эски үйдү камсыздандырууга болобу?

1960-жылдан кийин курулган кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга уруксат берилет.

5. Жол-транспорт кырсыгында эмне кылуу керек?

- транспорт каражатын дароо токтотуу (ордунан жылдырбоо), авариялык жарык сигнализациясын күйгүзүү, авариялык токтоо белгисин коюу, окуяга тиешеси бар предметтерди жылдырбоо;
- «А Плюс» КК авариялык комиссарына чалуу

6. Өз эсебимден эвакуатор чакыртылды, чыгымдардын орду толтурулабы?

Ооба, эгер Сиздин автоунаа олуттуу ЖТК жыйынтыгында иштебей калса, “А Плюс” Камсыздандыруу компаниясы чыгымдардын ордун толтурат.

7. ЕПолиске электрондук карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү барбы?

Сиз төмөндөгү карталар менен төлөй аласыз: VISA, MasterCard, ЭЛКАРТ, CARD PLUS

8. Каско (автотранспортту камсыздандыруу) тариздөө үчүн кандай документтер керек?

- Камсыздандырылуучунун жазуу түрүндөгү арызы
- Машинанын техпаспорту
- Камсыздандырылуучунун паспорту
- Транспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдын айдоочулук күбөлүгү
- Кароо акты (“А Плюс” камсыздандыруу компаниясынын кеңсесинде биздин кызматкер толтурат)

9. Франшиза полисти тариздөө үчүн милдеттүү шарт болуп саналабы?

Жок. Бирок бул полистин баасына таасирин тийгизет.

10. Полисти жоготуп алган учурда эмне кылуу керек?

Сиз компанияга жазуу түрүндөгү арыз менен кайрыла аласыз жана биз Сизге камсыздандыруу полисинин жуп нускасын беребиз. Мында Сиздин өздүгүңүздү күбөлөндүргөн документ жаныңызда болушу керек.

11. ЖТК учурунда эмне кылуу керек?

1. «А Плюс» камсыздандыруу компаниясына билдирүү (полисте көрсөтүлгөн номерлер боюнча Авариялык комиссар менен байланышуу)
2. МАИ чакыруу

12. . Катуу жана күтүүсүздөн ооруп калганда кандай чараларды көрүү керек? Полисте көрсөтүлгөн номерлер боюнча «А Плюс» камсыздандыруу компаниясына же Ассистанттык компанияга чалуу керек. Биздин медициналык координаторлор 24/7/365 режиминде иштешет.

13. Эгер ЖТК учурунда экинчи тарап күнөөлүү болсо, биздин компания зыяндын ордун толтурабы?

Ооба, ордун толтурат. Бул учурда күнөөлүү тараптан ордун толтурууну талап кылуу укугу «А Плюс» камсыздандыруу компаниясына өтөт.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами