Страховая компания «А Плюс»

Каныметов Сейит Дайырович

«А Плюс» КК” ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы

1999-жылы “Менеджмент” адистиги боюнча Ысык-Көл Мамлекеттик Университетин аяктаган. 2004-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинде “Башкаруу” адистиги боюнча “Магистр” даражасын алган. «Ингосстрах» АКАКда (Россия) квалификацияны жогорулатуу окуу курсунан өткөн, SIDA “Жетекчилер үчүн камсыздандыруу чөйрөсүндөгү стратегиялык башкаруу” (Стокгольм ш., Швеция) жана SABIT “Борбор Азиядагы камсыздандыруу” (Вашингтон ш., АКШ) программалары боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган. 2011-жылдан тартып 2012-жылга чейин Chartered Insurance Institute (Улуу Британия) окуу жайында билим алган. 1998-жылы акыркы курстун студенти болуу менен, Сейит Каныметов “Кыргыз-Швейцария Сүт Программасы (KSDP)” долбоорунда котормочу катары эмгек ишмердигин баштаган. 1999-жылдан тартып «Кыргызинстрах» КАКда иштеп баштаган, бул жерде жөнөкөй адистен тартып өнүктүрүү, камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын начальнигине чейин кесиптик өсүштүн бардык баскычтарынан өткөн. 2007-жылы “НСК” камсыздандыруу компаниясы” ЖАКга Башкы директор кызматына чакырылган, мында анын жетекчилиги астында Компания жергиликтүү камсыздандыруу рыногунда лидерлердин бирине айланган. 2017-жылдын августунан тартып «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы” ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы кызматын ээлейт.

Сатыбалдиева Алида Токоновна

Жогорку билимдүү, 1991-1995-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин “Эсеп-экономика факультетинде” окуган. “РОСНО” ААК, “Ингосстрах” КАК жана РФ Президентине караштуу Россия финансы академиясында (Москва ш., Россия) камсыздандыруу чөйрөсүндө окуу курстарынан өткөн. Алида Сатыбалдиева эмгек ишмердигин “Камкор-С” камсыздандыруу компаниясы” АКда баштаган. 1997-жылы “Кыргызинстрах” КАКда иштеген. 1999-жылы “Камкор-С” камсыздандыруу компаниясы” АКда кайра камсыздандыруу бөлүмүн жетектеген. 2001-жылы ушул эле Компанияда башкармалыктын мүчөсү болуп шайланган. 2004-жылы “Иншуренс Аян” камсыздандыруу компаниясы” ЖАКга Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу бөлүмүнүн начальниги кызматына өткөн. 2005-жылы “Росстрах-Кыргызстан” КК ЖАКга (азыркы “А Плюс” КК) Башкы директордун орун басары кызматына чакырылган, азыркыга чейин ушул жерде иштейт. 2017-жылдын июнунан тартып “А Плюс” КК” ЖАК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматын ээлейт.

Сергиенко Елена Сергеевна

«А Плюс» КК” ЖАК Башкы бухгалтери

1984-жылы Финансы-эконмоикалык техникумда “Банк эсеби” адистиги боюнча окуган. Андан кийин 1999-жылы “Финансы жана кредит” адистиги боюнча Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган. IBTSI, USAID «Бухгалтердик эсеп (МСБУ)», Якобс Тренинг «КР жаңы Салык кодекси боюнча салык салуу» курстарында окуудан өткөн. 2011-жылы КР Банктар Союзунун окуу борборунда “ФОЭСдагы өзгөртүүлөр” курсун өздөштүргөн. Эмгек ишмердигин техникумда аяктаары менен Бишкек шаарында “Промстрой Банктын” Ленин райондук бөлүмүндө бухгалтер кызматында баштаган. 1992-жылы өзүнүн ишин «АКБ Курулуш Банк» банкында башкы бухгалтердин орун басары кызматында уланткан. 2003-жылы «ЭкоБанк» ААКГа башкы бухгалтердин орун басарлыгына өткөн. Бул кызматта беш жылдан ашык ийгиликтүү иштегенден кийин башкы бухгалтер кызматына дайындалган. 2017-жылдын июнунда «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы” ЖАК Башкы бухгалтери кызматына дайындалган.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами