AIRTO KR

Аткаруучу директор М.Жунусов

Ушул кат менен Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобилдик ташуучуларынын ассоциациясы (ЭАТА) “А Плюс” КК” ЖАК бир нече жылдан бери МДП (МДП Конвенциясы, 1975-ж.) китепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуулар жөнүндө бажы конвенциясына ылайык бажы органдарынын алдында МДП китепчелери боюнча жоопкерчиликти камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү боюнча КР ЭАТА туруктуу өнөктөшү болуп саналаарын ырастайт. Кызматташуу мезгилинде “А Плюс” КК” ЖАК кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кесипкөйлүктүн жогорку деңгээлин, ошондой эле ак ниеттүү жана жекече мамилени көрсөттү. Жогоруда берилгендердин негизинде КР ЭАТА камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишенимдүү жана ак ниеттүү өнөктөш катары “А Плюс” КК” ЖАК менен кызматташууну сунуштайт.

Билайн

Скай Мобайл” ЖЧК сатып алуулар, логистика жана кыймылсыз мүлктү башкаруу кызматынын жетекчиси Айтназаров И.А

Ушул кат менен “Скай Мобайл” ЖЧК камсыздандыруу боюнча төмөндөгү кызматтарды сапаттуу жана кесипкөй көрсөткөнү үчүн “А Плюс” КК” ЖАКга ыраазычылыгын билдирет: Кызматкерлерди ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, автотранспортту камсыздандыруу, жүктөрдү камсыздандыруу, жумушчу эмгек (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын жашоосуна жана ден соолугуна зыян келтирүү үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. “А Плюс” камсыздандыруу компаниясы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлин, ошондой эле өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, кардарга карата коммуникабелдүүлүктү жана лоялдуулукту көрсөтүп келет..

WURTH

Финансы директору Миюсова Л.А.

“А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен биздин кызматташуу 2013-жылдын майынан тартып бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Кызматташуунун биринчи күнүнөн тартып бизге оперативдүү маселелерди чечүүгө кесипкөй мамилени камсыздашты. Иштин жүрүшүндө биз компаниянын тейлөө деңгээли эл аралык сапат стандарттарына ылайык келээрине ынандык. Биз “А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен кызматташууга канааттанабыз, анткени, биринчи кезекте, ишенимдүүлүктү, сапатты жана кесипкөйлүктү баалайбыз. Өз ара кызматташуу тажрыйбасы бизге мындан ары дагы камсыздандыруу учурларында өз убагындагы төлөмдөрдү алууну жана камсыздандыруучунун өзүнө алган милдеттенмелерди кепилденген аткаруусун шарттайт. Ошондой эле өздөрүн кардарлардын кызыкчылыктарын коргоодо анык кызыгуусун көрсөткөн кесипкөй катары көрсөтө алган, компаниянын квалификациялуу, жоопкерчиликтүү жана компетенттүү адистерин баса белгилеп кеткибиз келет. Биз мындан ары дагы “А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен кызматташууну улантууну ниет кылабыз жана камсыздандыруу чөйрөсүндө ишенимдүү өнөктөштү издегендердин баарына аны сунуштайбыз.

OSCE ACADEMY in Bishkek

Директор А.Вольтерс

Бул кат менен “Росстраз-Кыргызстан” КК” ЖАК, 2018-жылдын июлунан тартып “А Плюс” КК” ЖАК компаниясы менен ийгиликтүү кызматташууну ырастагыбыз келет. “Бишкектеги ЕККУ академиясы” КФ жана “А ПЛЮС” КК” ЖАК кызматташуусу 2005-жылы башталган жана азыркы учурга чейин уланып келет. Камсыздандыруу компаниясы Кыргызстанга окуганы келген биздин студенттерди, ошондой эле алыскы чет өлкөлөргө чыгып жаткан биздин кызматкерлерди медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат. Иштин жүрүшүндө компания өз милдеттерин сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарууга гана эмес, кызматташуу процессинде кошумча консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон ишенимдүү, кесипкөй өнөктөш катары өзүн көрсөтө алды.

HIGHLAND GOLD MINING Ltd.

Башкы директору Качкынбеков У.А.

«Хайленд Эксплорейшн» компаниясы сапаттуу жана оперативдүү иши үчүн “А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАКга терең ыраазычылык билдирет. А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК кызматкерлеринин медициналык камсыздандыруу коргоону камсыздоо жаатындагы кесипкөйлүгүн өзгөчө баса белгилеп кетким келет. Биз А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен кызматташтыкка канааттанабыз жана бул компанияны ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары сунуштайбыз. Калыптанган достук мамилелерди сактоого ишенимдүүлүктү билдиребиз жана мындан аркы өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз.

LITUANICA

Директор Е.Лушкова

2008-жылдан тартып «Lituanica» /литуаника/ ЖЧК Литва Республикасынын Элчилиги алдында жана Польша Республикасынын Башкы Консулдугунун алдында Шенген визаларына документтерди берүүгө аккредиттелген агенттик болуп саналат. Биз өз ишибиз жаатында көптөгөн агенттерге жана өнөктөштөргө ээбиз, биз менен кызматкерлери жана кардарлары үчүн Шенген визасы керек болгон 50дөн ашык турагенттиктер жана транспорттук фирмалар келишим түзүшкөн. Биздин иштин башталышында эле биз А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен медициналык камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүгө агенттик келишим түзгөнбүз жана бир дагы жолу буга өкүнгөн жокпуз. Биз 10 жылдан бери өнөктөштөр болуп саналабыз, ал эми бул жылдар оңой болбогонун эске алганда, бул узак мөөнөт. А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК өнөктөштүк милдеттери так жана келишимге ылайык аткарылды. Бизде пайда болгон бардык суроолор боюнча биз квалификациялуу жооп жана жардам алдык. А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК биздин кызматташуу жылдары өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтө алды. Биз мындан ары дагы А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАК менен кызматташтабыз деп үмүттөнөм жана ага кесиптик чөйрөдө ийгиликтерди каалайбыз.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами