Ак калпак күнүңүздөр менен!

! 5-мартта Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими – ак калпак күнү белгиленет. Бул бейрасмий майрам 2011-жылдан бери белгиленип келет. Ошондон бери жыл сайын бул күнү Бишкекте активисттер уюштурган ак калпак күнүнө арналган иш-чаралар, ак калпакчан жарандардын аянтта топтолуусу, концерттер, көргөзмөлөр өтөт. Майрамдын максаты – улуттук баш кийимди популяризациялоо.

Бул күнү көпчүлүк кыргызстандыктар өзүнүн мекенчил сезимин көрсөтүшөт жана күнү бою калпак кийип жүрүшөт. Ак калпак байыртан эле кыргыздардын салттуу баш кийими катары эсептелген. Бийик калпакты атактуу адамдар кийишкен, бир аз жапыз баш кийим жаштарга арналган.


Закрыть

Оставьте ваши контактные данные и наш консультант свяжется с вами